• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек 8-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Төмөндө билдирүүнүн толук тексти берилет:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Биз Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин быйылкы биринчи отурумун ийгиликтүү аяктадык.

Мен россиялык кесиптештериме жолугушууну салттуу түрдө жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндикте өкүлчүлүктүү бирикме катары өзүнүн актуалдуулугун ырастап, биздин мамлекеттердин көп тармактуу өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү платформасы бойдон калууда.

Тар чөйрөдө салттуу түрдө Шериктештиктеги экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыттары боюнча делегация башчыларынын ар тараптуу жана ачык пикир алмашуусу болуп өттү.
Шериктештикке мүчө мамлекеттер биздин мындан аркы кызматташуубуздун күн тартибинин сапаттык мазмуну боюнча бир добуштан бир пикирде экенин белгилегим келет.

Кеңири форматтагы жолугушуубузду улантууда биз КМШ алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол койдук.

Эң маанилүүсү, Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштететүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюу. Анын долбоору боюнча иш Аткаруу комитети жана катышуучу-мамлекеттер менен бирдикте он жылга жакын убакыт бою жүргүзүлдү.

Макулдашуу кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар боюнча КМШнын эркин соода аймагын туруктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин мындан аркы экономикалык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдиребиз.
Соода-экономикалык чөйрөдөгү позитивдүү динамика Шериктештиктин мындан аркы прогрессинин потенциалын жана экономиканы жаңылоонун мүмкүнчүлүктөрүн күбөлөндүрөт.

Бүгүн биз кол койгон дагы бир маанилүү Макулдашуунун бири – КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы Радиациялык мониторингдин маалыматтарын алмашуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
Макулдашуу жарандык коргонуу тармагын башкаруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, калкты радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө өз убагында маалымдоо маселелерин натыйжалуу чечүү максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, маданий-гуманитардык тармак, каржы жана кадр маселелери боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар арасында КМШ өлкөлөрүнүн Спартакиадасы жөнүндөгү Жобо бекитилди. Спартакиаданы жыл сайын өткөрүү Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды дене тарбия жана спорт аркылуу реабилитациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Мындан тышкары, жакынкы үч жылга КМШнын Жаштар борборун жарыялоо чечими кабыл алынды: 2024-жылы бул статус Өзбекстадын Ташкент шаарына берилет, 2025-жылы - Азербайжандын Габала шаарына жана 2026-жылы Армения Республикасынын Капан шаарына.

Ошондой эле белгилеп кетким келет, КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында өтөөрүн сиздер дагы уктуңуздар деп ойлойм.

Ошондой эле, төрагалык кылуунун алкагында 2023-жылдын 12-13-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагында Тышкы иштер министрлер кеңешинин, КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындары жана КМШнын тармактык органдарынын жыйындары өткөрүлөт.

Бүгүнкү жыйындын катышуучуларына жемиштүү жана конструктивдүү эмгеги үчүн алкыш айткым келет.

Бүгүнкү иш-чараны мыкты даярдагандыгы үчүн КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевге жана анын командасына өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.

Пикир

Оставить комментарий