• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолукту. Бул тууралуу министрле кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Акылбек Жапаров Кыргызстанда эртең өтүүчү парламенттик шайлоого КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлчүлүктүү курамын түзгөндүгү үчүн Сергей Лебедевге жана КМШнын Аткаруу комитетине ыраазычылык билдирди

«Бардык талапкерлерге жана саясий партияларга өзүн-өзү көрсөтүү жана шайлоого катышуу үчүн бирдей шарттар түзүлдү», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде Сергей Лебедей алдыдагы парламенттик шайлоонун уюштурулушун жогору баалап, мындай иш-чаралар Кыргызстандын демократиялык жана ачык мамлекет катары эл аралык имиджин бекемдөөгө чоң салым кошоорун белгиледи.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы шайлоону өткөрүүнүн жаңы системасы жана ар бир шайлоо участогунда көрүлүп жаткан эпидемиологиялык чаралар тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий