• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» жаңы дайындалган жетекчисин жамаатына тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

««Кумтөр» Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», - деди Акылбек Жапаров жана компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Пикир

Оставить комментарий