• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдордун ачылышын, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну макулдашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тийиштүү коомдук коопсуздукту, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсүн, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий