• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Кыргызстан – спортчулардын жана спорт сүйүүчүлөрдүн өлкөсү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстан – спортчулардын жана спорт сүйүүчүлөрдүн өлкөсү. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки кадеттер жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Ал белгилегендей, чемпионатка дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн 2 миңге жакын спортчу катышууда.

«Күрөш – байыртадан бабалардан калган оюн болуп саналат. Биз Олимпиадалык Оюндардын жеңүүчүлөрү: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова менен абдан сыймыктанабыз.

Валентина Шевченко 7 жолу дүйнө чемпиону болду. Кыргызстанда 50 миңге жакын бала спорт мектептеринде, спорт комплекстеринде жана ар кандай спорт мекемелеринде, ийримдеринде спорт менен машыгышат. Биз спортту өнүктүрүүгө, калктын ден соолугун чыңдоого кызыкдарбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Ал мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 22 миң орундуу стадион, ошондой эле күрөш боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы үчүн спорт зал курулаарын белгиледи.

«Республиканын бардык мектептеринде спорт залдар курулат, бул чоң спортко таланттуу спортчуларды өстүрүп, тартууга мүмкүндүк берет», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров чемпионаттын катышуучуларына албан ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий