• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Кыргызстан «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстан «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров «Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумунда билдирди.

«Айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан глобалдык көйгөйлөрдү эске алуу менен биздин республика «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле келечекте бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүүсүнө кызмат кыла турган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен жетишилген макулдашууларды канагаттануу менен белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет башчыларынын соода жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын ишке ашыруу үчүн ишкер чөйрөнүн демилгелерине максималдуу колдоо көрсөтүү жана биргелешкен ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий