• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров өлкөнүн айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын куттуктоосунун толук тексти:

"Урматтуу асылзат апалар, айымдар, кыздар!

Сиздерди жаркыраган жаз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Аялзаттын деми менен ийгиликтүү турмуш, бакубат өмүр уланып келет. Байыркы көчмөн доордун ысык-суугуна бышкан, акылы зирек, сергек кыргыз жергесинин аялдары жашоосунан чыныгы рахат алган жана үйдө да, тышта да, коомдо да өзгөчө ролго ээ болгон. Нарк-насил, адеп-ахлак, баалуулук мурастары очок ээлеринен башталат.

Ааламдашуу менен доорубуз өзгөрүп, адамзаттын руханий баалуулуктары алмашты. Учурда орун алып жаткан түрдүү заманбап чакырыктар жашоо түшүнүктөрүн өзгөрттү. Мээримдүүлүк, камкордук, бакубат жашоо сыяктуу аялзат алып жүргөн асыл сапатка, тынчтыкты самаган күчтүү энергияга бүгүн дүйнө суусап турат.

Учурубуз кооптуу. Кандай гана апаат болбосун, ал адам тагдыры менен байланышат, өзгөчө энелердин көз жашы акпасын, ал баарынан кымбат турат. Эненин уйкусуз түндөрү, тогуз айлык толгонуусу, бар тилегени – бейпилдик жана бакубаттык.

Көөдөнүндө аруулукту сактаган, жүрөгү назик энелердин жанында баары жайгарылып, тынч алат. Биз бакытты энелерден, аялзаттан издейли! Биз издеген бейиш дал ушул жерде. Анткени аялзат дүйнөнүн бешигин терметип, жашоого дем берип турат.

Энелердин тилек-үнүн ыйык дешет. Түпкүлүгүн ойлонуп, үрөн сээп, бак тигели, тынчтыкта жашоону уланталы, тирүүлүктүн баркына жетели. Энелердин батасы тийип, жергебизге кут түшсүн.

Ардактуу апалар, айымдар, эже-карындаштар, кесиптештер, таттуу кыз балдар, күчтүү тирегибиз болуп, ар дайым жаркылдап жүрүңүздөр. Бардык аруу тилектериңиздер кабыл болушуна тилектешмин".

Пикир

Оставить комментарий