• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Кышка карата даярдык – жайында, ал эми жазга даярдык күздө башталышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Талас районунун Кумарык айылындагы "Йогонесдорф" магистралдык каналындагы тазалоо жана ондоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, жазгы-талаа жумуштарына карай даярдык өз учурунда жүргүзүлүшү керек.

"Кышка карай даярдык – жайында, ал эми жазга даярдык күздө башталышы керек. Мындай тажрыйба ырааттуу ишке ашырылышы керек. Көйгөй жаралганда гана чечүүгө киришпестен, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен алдын-ала иштер жүргүзүлүшү тийиш", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилесек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы КР Айыл чарба министрлигине үстүбүздөгү жылдын март айынын биринчи жарымына чейин республика боюнча сугат системаларынын даярдыгын жыйынтыктоону тапшырган.

"Йогонесдорф" магистралдык каналындагы оңдоо иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 3,5 кубометрге жетти, бул мурунку өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн 1,5 эсеге көп (ремонтко чейин секундасына 2 кубометр болгон) болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий