• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу көп багыттуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.

«Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өз ара кызыкчылык туудурган соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуубуз зарыл. Министрлер Кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр», - деди Акылбек Жапаров.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулгандыгын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним жана өз ара аракеттешүү орнотулгандыгын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын КЭР рыногуна экспорттоо, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, «Түндүк-Түштүк» унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана кытай өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий