• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты.

Белгиленгендей, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу үч өлкө элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон маанилүү регионалдык долбоор болуп саналат.

Кытай тарап канагаттануу менен белгилегендей, үч тараптын биргелешкен аракеттерине жараша темир жолду куруу долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталды жана кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары карай илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз кезегинде Ли Кэцяндын билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы үчүн темир жол магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин баса белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушууда элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Элчи ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий