• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Логистикалык инфраструктураны түзүү аркылуу транзиттик потенциалды өнүктүрөбүз

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын бир нече негизги транспорттук түйүндөрдүн кесилишинде жайгашуусу, Кытай Эл Республикасына, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына жакындыгы, ошондой эле Борбор Азиянын калган бөлүгүнө жеткиликтүүлүгү биздин өлкөнүн соода жана транспорттун идеалдуу борбору болуусуна шарт түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн тематикалык тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Борбордук Азия эки континенттин стратегиялык маанилүү кесилишинде жайгашкандыктан транспорт коридорлору үчүн маанилүү аймак болуп саналат.

«Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу эл аралык инвесторлордун аймакты кабылдашына терс таасирин тийгизүүдө, бирок экономикалык багыт жагымду тарапка бурулду. Биз сакталып калуу парадигмасынан алыстап, күч-аракеттерди экономикалык өнүгүү парадигмасына топтоп жатабыз. Региондук ташууларда татыктуу роль ойноо зарыл. Кытай Эл Республикасы тарабынан ишке киргизилип, «Бир алкак жана жол демилгеси» катары таанылган Жаңы Жибек Жолу - ири инфраструктуралык долбоор, анын максаты Азияны, Европаны жана Африканы унаа, темир жолдор, порттор жана башка инфраструктуралык долбоорлор тармагы аркылуу байланыштыруу. Кыргыз Республикасы бул долбоордо маанилүү роль ойнойт, анткени биздин өлкө Кытай Эл Республикасын Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган стратегиялык жактан негизги транспорттук каттамдардын кесилишинде жайгашкан. Биздин республика бул долбоорго катышууга активдүү көмөк көрсөтүүдө, бул биз үчүн олуттуу инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрүн ача алат», - деди ал.

Акылбек Жапаров Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) жаңы аналитикалык баяндамасы Борбор Азиянын экономикасындагы структуралык өзгөрүүлөргө арналганын кошумчалады.

Акыркы 20 жылдын ичинде аймактын ИДПсы 7,5 эсеге өстү, ал эми орточо өсүү темпи 6,2% түздү, бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө караганда тез жана дүйнөлүк көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 2 эседен көп. Борбордук Азиянын жалпы ИДПсы 347 млрд АКШ долларын түзөт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылы акыркы 20 жылда 6 эсеге өсүү менен 165,5 млрд АКШ долларын түздү. Аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода тышкы соодага караганда тез темп менен өнүгүп жатат.

«Биз эбегейсиз көп жумуш орундарын, инновациялык финансылык технологиялардын – санариптик акчанын, криптовалютанын жана блокчейндин агымын түзө турган электрондук коммерция чынжырларына катышуу үчүн трансулуттук логистикалык хабтарды, бажы кампаларын жана логистикалык инфраструктураны түзүү аркылуу транзиттик потенциалды өнүктүрөбүз. «Төмөн база» деп аталган нерсенин таасири бизге экономикалык өсүштүн амбициялуу темптерин белгилөөгө мүмкүндүк берет. Кытай Эл Республикасына жакын болуп туруп, бул «океанды» продукциябыз үчүн колдоно албай жатабыз. Кытай Эл Республикасынан Европага эбегейсиз чоң көлөмдөгү электрондук коммерция каттамдары биздин өлкө аркылуу өтөт. Республикада 2021-жылы электрондук коммерция рыногунан түшкөн киреше 460,0 млн АКШ долларын түздү. Жылдык кирешенин өсүшү (CAGR 2021-2025) 17,7% түзүшү күтүлүүдө, натыйжада 2025-жылы рыноктун көлөмү 864,1 млн АКШ долларын түзөт жана электрондук коммерция кызматын пайдалануучулардын саны 2,7 миллионго (калктын 38,3%) жетет», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы биздин өлкө Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби деңиз порту менен деңиз аркылуу эл аралык соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишкенин эске салды.

Анын айтымында, ошондой эле Каспий деңизи аркылуу Россия Федерациясына жаңы эл аралык мультимодалдык коридор ачуу маселеси каралууда. Жаңы каттамдын кургактык аркылуу бөлүгү Кыргызстандан Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Түркмөнстандын Балкан велаятындагы Түркмөнбашы деңиз портуна чейин өтөт. Андан ары жүктөрдү деңиз аркылуу Астрахань шаарындагы россиялык портко жеткирүү сунушталууда.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чакан мамлекеттердин мааниси күчөп, ал эми жаратылыш ресурстарына бай өлкөлөрдүн доору аяктап бара жатканын белгиледи.

«Учурда жаңы чакырыктарга жана өзгөрүүлөргө тез көнүп кете алгандар - эң күчтүүлөр. Мындай шарттарда Кыргыз Республикасы болгон артыкчылыктарга таянып, дүйнөлүк тартипте/дүйнөлүк соодада өз ордун ээлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ», - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий