• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров Лондондогу ассоциациянын "Кыргызалтын" боюнча чечимине комментарий берди

Экономика 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өзүнүн Facebook`тагы баракчасына “Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө учкай сөз” аталышында пост жазды. Жапаров өзүнүн постунда Лондон баалуу металлдар биржасынын “Кыргызалтынды” ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен убактылуу чыгаруу чечиминин себепберин коомчулук менен бөлүштү.

Төмөндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР экономика жана финансы министри А.Жапаровдун текстин өзгөртүүсүз беребиз.

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Биздин ар бир ийгиликсиздигибизге сүйүнгөн жана табалаган кээ бир мекендештерибиздин позициясы түшүнүксүз болууда. Муну кыргыз элинде "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" деп коёт.

Ал эле эмес, мен алар тараптан башка тоскоолдуктар жана "кыйынчылыктар" болушу мүмкүн экенин айта алам, бул да алдын ала божомолдонууда, биз муну да эске алабыз.

Адеп баштаганда эле биз алтыныбызды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам. Ошондой эле, Нью-Йорктун банкроттук иштер боюнча соту 15-сентябрда Centerra Gold Inc.дин адвокаттарынын доо арызына Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө айып пул салуудан баш тартканын да эстен чыгарбоо керек. Бул биздин туура жолдо бара жатканыбыздын дагы бир далили.

Кандай болгон күндө да, бул кампания бүтүндөй Кыргызстан үчүн оң мультипликативдик эффект берет деп ишенем. Көптөр үчүн бул ачык эмес, бирок санкциялардын киргизилиши менен экономикада кырдаал дайыма жакшырууда. Бул, мисалы, Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болгон. Мындай шарттар технологиялык өнүгүүнү, өзүбүздүн инновациялык өндүрүштү пайда кылат жана жаңы экспорттук байланыштарды түзүүгө жардам берет.

Биз зергерчилик индустриясын, жогорку сапаттагы өндүрүш базасын, маданиятыбызды жана тарыхыбызды ушул багытта өнүктүрүшүбүз керек. Алтыныбызды зергерчиликке сатсак, анын баасы бир нече эсе кымбат болот. Болуп жаткан нерселердин баары баалуу металлдарды колдонгон жогорку технологиялуу өндүрүштөргө жана технологияларга көңүл буруунун эң сонун себеби.

Дагы бир, жарым-жартылай парадоксалдуу жагдай пайда болууда. Санкциялар республикада алтынды көбөйтүү үчүн иштейт жана алтын - бул жогорку категориядагы резервдик валюта, алар менен иштөөгө олуттуу эл аралык кредиторлор кубанычта болот.

... Мен азыр эртерээк болсо да, биздин алтынга бекитилген "электрондук сом" долбоорун ишке киргизүү даярдалып жатканын айта кетейин. Кыргызстанга гана тиешелүү болбогон дагы бир абдан маанилүү аспект бар. Ал Эл аралык стандарттар деп аталган система, тактап айтканда, анда алтын жана башка экспорттук продукциялар дүйнөлүк алдыңкы экономисттер тарабынан олуттуу сынга алынат. Анткени, бул экономикалык колониализмдин эң туура формасы. Негизинен, бул системаны түзгөн жана аны башкарган өлкөлөр өнүгүп келе жаткан рынокторду өз эрежелерине баш ийүүгө мажбурлайт. Ал эми бул стандарттар клубуна "кирүү" өтө эле оор.

Жыйынтыгында, бул стандарттарга жана талаптарга башында баш ийбеген өлкөлөр реалдуу сектордо өнүгүүгө жетишти. Буга Беларусь, Кытай, Өзбекстан мисал.

Ошондой эле, бизди мындай ар кандай бирикмелерден четтете баштаганы экономикалык эркибизди көрсөтө баштаганыбыздан кабар берет. Биз экономикалык мекенчилдик жөнүндө сөз кыла алабыз.

Ошентип, дагы бир жолу кайталайм, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Албетте, кыйынчылыктар бар, алар болот, ансыз бир дагы бурулуш болбойт".

Пикир

Оставить комментарий