• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик ачык-айкын сатып алуулар – өлкөнү жогорку технологиялык камсыздоого карай жол

Өкмөт 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КРнын мыйзам долбоорунун коомдук угуусуна катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу мыйзамдык базаны жана мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын жакшыртуу жолу менен ишке ашырылууга тийиш.

«Буга байланыштуу Министрлер Кабинети мамлекеттик сатып алуулар тармагында реформа жүргүзгөн. 6 жыл ичинде мыйзам 11 жолу өзгөртүлүп, өзгөртүүлөр дайыма эле процедураларды жөнөкөйлөштүргөн эмес. Моюнга алуу керек, формалдуу түрдө азыркы мамлекеттик сатып алуу системасы ачык-айкын жана бардык сатып алуулар электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт. Чындыгында, система коррупция үчүн жылчыктарды калтырат, анын бири – акчалардын изин жашыруу болуп саналат», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлериндеги коррупциялык ишти мисалга келтирди, ал боюнча, 33 млн 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп, кийинчирээк аны ыйгарып алышкан.

Ал белгилегендей, ведомство жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактыларды өз алдынча аныктаган.

«Бул акча өздүк курамга азык-түлүк жана кийим-кече сатып алууга багытталган. Бул бир гана мисал эмес. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча күмөн жараткан сатып алуулар жана алардын көлөмү аныкталган. Маселен, ооруканалардын бири 6,8 миң шыпыргы жана 3,8 миң чака сатып алган», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров ачык-айкындуулук принциптерине негизделген мамлекеттик сатып алуулар процесси өлкөнү инновациялык, жогорку технологиялык камсыздоого алып келип, инвестиция тартууга түрткү болоруна ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясына оң баасын беришти.

Пикир

Оставить комментарий