• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иш алып барышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жаңы курамы менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров жалпысынан министрлер кабинетинин, анын ичинде ар бир мамлекеттик органдын алдында турган негизги милдеттерди аныктады.

Жапаров өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди ыкчам макулдашуу жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, өлкөгө мамлекеттик аппараттын тутумун жакшыртуу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алуу жоопкерчилигин өзүнө ала турган компетенттүү жана жооптуу башкаруучулар керек.

“Биз ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алып баштамайын, экономикалык өсүшкө жетише албайбыз. Мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиш. Биз өз алдыбызга олуттуу максаттарды жана пландарды койдук, аларды ишке ашырабыз”, – деди ал.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер министрлер кабинетинин жаңы редакциядагы Иш регламентин кабыл алды.

Белгиленгендей, иштеп жаткан регламент толугу менен кайрадан каралып чыкты, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана башка чечимдерди макулдашуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилген.

“Регламент ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет, анткени мамлекеттик аппараттын ишинин жыйынтыгынан калкка кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугу көз каранды болот. Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык абалдын ыкчам өзгөрүүсү, катаал финансылык абал шартында, кабыл алынып жаткан ченемдик актыларды макулдашууну ирээтке келтирип, тездетүү зарыл. Мындан ары карай ченемдик-укуктук актылардын бир дагы долбоору Президенттин администрациясында кармалбайт, мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алынып жаткан чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик алат”, – деп белгиледи Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий