• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-2026-жылдарга туура келет

Экономика 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-жылы башталып 2026-жылга чейин созулат. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин коллегиясында КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, карызды доллар менен төлөөгө туура келет жана ошол учурда курс кандай болору белгисиз.

“Ушуга байланыштуу экономиканын өсүү темпин тездетүү, көмүскө экономиканы жоюу, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү 50 миллиард сомго чейин көбөйтүү жана ички дүң продукцияны калктын жан башына көбөйтүү зарыл”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан жыйынтыгында КРнын мамлекеттик карызы (ички + тышкы) 4 млрд 954,11 млн долларды түзгөн: анын ичинен:

  • 85,2%ы – мамлекеттик тышкы карыз, ал 4 млрд 221,61 млн долларды түзөт;
  • 14,8%ы – мамлекеттик ички карыз, бул 732,50 млн доллар.

Пикир

Оставить комментарий