• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен Дубайдын эмири «ЭКСПО-2020» алкагында Кыргызстандын павильонуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилесек, 14-декабрда Дубай шаарында «EXPO-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий