• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕТӨФтүн Долбоордук блогунун аткаруучу директорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоорлор блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Андрей Широковго Кыргыз Республикасындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө бүткүл евразиялык мейкиндиктин өлкөлөрүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп калды”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Андрей Широков Кыргыз Республикасында Фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинде энергетикалык ресурстарды өнүктүрүүгө, билим берүүгө жана медициналык мекемелердин техникалык жактан жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоорлорго токтолду.

Белгилей кетсек, Андрей Широков Бишкекке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынына катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий