• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров менен КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

- Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;

- Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;

- Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу;

- Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;

- “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

Пикир

Оставить комментарий