• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын өкмөтүнүн сайты жазып чыккандай, өкмөт башчылары соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мишустин менен Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий