• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады жана үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле Россия тарап Кыргыз Республикасында салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий