• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Акылбек Жапаров: Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», - деди ал жана Мамлекет башчы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий