• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Нарындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Торугарт – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.

Министрлер Ккабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий