• 79.5
  • 82.98
  • 1.42
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумушчу сапары менен жүрөт, - деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетине барат жана бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоору менен таанышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий