• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Кечээ, 18-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Акылбек Жапаровду курулуп жаткан бир катар объектилер, анын ичинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

«Биз жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инфраструктураны өркүндөтүүгө жана турак жай кварталдарындагы нерселерди иретке келтирүүгө багыт алабыз. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, веложолдорду жана аллеяларды куруу, Салиев көчөсүн реконструкциялоо, этно стилдеги фонтан куруу - бул тапшырмалардын чакан тизмеси гана. Келечекте алдыда ишке ашыра турган көптөгөн ири долбоорлор бар», - деди шаар башчысы.

Сапардын жүрүшүндө төмөнкү долбоорлор менен таанышуу болду: Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, Салиева көчөсүн оңдоо иштери, этно аянтча, Навои жана Токтогул паркы реконструкциялоо боюнча долбоор.

Пикир

Оставить комментарий