• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө А. Жапаров белгилегендей, Кыргызстандагы билим берүү тутуму реформалоого муктаж.

«2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрттү. Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кечскин секириктер, нано- жана нейро-технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика – мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша жүрүүсү зарыл», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыккан, ал жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет.

«Биздин милдетибиз – турмуштун бардык тармактарында күчтүү адистерди даярдай ала турган жогорку билим берүү тутумунун туруктуу ишин камсыз кылуу», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий