• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республиканын жетекчисинин жогоруда аталган чечимин толук аткарууга тийиш.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети – жаңы жумуш орундарын түзүү. Алардын ишмердүүлүгү ишенип берилген аймактардагы тазалык жана тартип, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, мамлекет башчынын Жарлыктарынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу KPI көрсөткүчтөрү боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула. Биз мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий