• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акылбек Жапаров: Региондорду өнүктүрүү фонду жер-жерлердеги финансылык абалды чыңдоого жардам берет

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик колдоого алуу – Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири. Мамлекеттик башкаруу тутуму толугу менен реформаланды, тийиштүү мыйзам кабыл алынды, ага жараша жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Акимдер жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болуп, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган активдүү ишмердүүлүк үчүн шарттар түзүлүүдө. Бул туурасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал кошумчалагандай, региондордо облустук жана райондук маанидеги жаңы өнүктүрүү фонддору түзүлүп, алардын финансылык абалын чыңдоого көмөк берет.

«Бул максатта республикалык бюджетте 1,3 млрд сом каралган. Мындан тышкары, 25 районго 700 млн сом бөлүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Натыйжада, ар бир айыл өкмөтүн өнүктүрүүгө 4-5 млн сомго жакын каражат багытталат. Райондук маанидеги 18 шаарга 30дан 500 млн сомго чейинки каражат бөлүнөт. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт, ошондой эле Нарын облусуна болжол менен 500 млн сом бөлүнөт», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, бөлүнгөн каражаттын 20 %ы – коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө, 20 %ы – социалдык долбоорлорго жана 60 %ы экономикалык долбоорлорго багытталышы тийиш.

«Экономикалык долбоорлор кайтарым механизмин эске алуу менен иштелип чыгуусу кажет. Бул айыл өкмөттөргө мамлекеттик дотациядан баш тартууга мүмкүндүк берет. Биздин баалоо боюнча, 180 айыл өкмөтү өз алдынчалыкка өтүп, дотация алуудан чыгат», – деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий