• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот.

«Сауд Аравия Королдугу биздин Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана бүткүл араб дүйнөсүндөгү маанилүү жана алдыңкы өнөктөшүбүз болуп саналат. Эки мамлекеттин ортосундагы саясий кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы Сауд Аравия Королдугу менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү курууга кызыкдар», - деди ал.

Акылбек Жапаров эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, республика энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга жана инвестициялык кызматташууга, азык-түлүк коопсуздугу тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөдө соода-логистикалык борборлорду жана өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкдар.

«Биз үчүн айыл чарба жана башка продукцияларды экспорттоону көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат», - деди ал.

Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Сауд эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Министр быйыл Кыргызстанда кыргыз-сауд бизнес форумун, ошондой эле кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү демилгесин колдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий