• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Смаиловду Казакстандын премьери кызматына дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстан Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтараарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер Кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин 2022-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров Алихан Смаиловго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий