• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Акылбек Жапаров Сокулук районунун акимин кызматтан четтетүү боюнча сунуш киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.

«Бүгүн эртең менен мен Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Президентине Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем», - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бир жыл мурун эле бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш болгонун кошумчалады.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мал базарларды иретке келтирүү алкагында аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.

«Жаныңарга резина өтүк алып, дем алыш күндөрү мал базарларды кыдырып чыгыңыздар. Республиканын тургундарынын жарымынан көбү мал чарбачылыгы менен алектенет. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер. Тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын элге көрсөтүңүздөр, сиздердин кандай иштеп жаткандыгыңыздарды ар бир адам көрсүн», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысына Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, учурда соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жүрүүдө жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат.

«Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий