• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Талас облусунун бир катар өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерин кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Талас облусунун бир катар өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерин кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы сүттү кайра иштетүүчү «Арашан» ишканасына, ошондой эле Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводго барды.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 100 тонна кант кызылчасын түзүп, 75 адамды жумуш менен камсыздайт.

2022-жылы заводду модернизациялоо пландалууда, андан кийин өндүрүштүк кубаттуулук суткасына 1000 тоннага чейин жогорулайт. Учурда чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Талас облусунун Талас шаарындагы Р.Я.Рысаков атындагы №2 орто мектебинин кошумча имаратынын капсуласын салууга катышты.

Белгилей кетсек, кошумча имарат 350 окуучулук орунга эсептелген жана 2022-жылдын III кварталына чейин бүткөрүлөт. Курулушту «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси каржылайт.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылындагы 275 орундуу орто мектептин имаратынын курулушуна капсула салууга катышты.

Долбоордук документация боюнча жалпы наркы 86 млн сомдук долбоор 18 айда бүткөрүлмөкчү, анда спорт аянтчасы, өзүнчө отказан жана ашкана курулат. Долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Жумушчу сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Акылбек Жапаров Талас облусунун Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычында болуп, жаңы «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышты.

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСти курууну болжолдойт.

Станцияны курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 22,9 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Учурда жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий