• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Таластын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйынтык коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйынтыктоочу коллегиясына катышып, анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Кр президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков баяндама жасады.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, министрлер кабинетинин иши республиканын жарандарынын турмушун жакшыртууга, анын ичинде аймактардагы экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

«Жергиликтүү бийлик органдарына көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кадрлардан тартып экономикалык пландаштырууга чейинки бардык ыйгарым укуктар берилди. Сиздер өз алдынча чечим чыгаруу үчүн толук кандуу бийликке ээсиздер», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле мезгил өз талабын коюп жаткандыгын жана электрондук документ жүгүртүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө өтүү зарылдыгын кошумчалады.

«Айыл өкмөтүнүн паспорттору маалымат базасында толугу менен көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле облустун бардык аймагынын санариптик картасын иштеп чыгып, аны дайыма жаңыртып туруу зарыл. Баары реалдуу режимде иштей берсин. Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жыйынтыктоо керек. Канчалык мүлкүбүз, жерибиз болсо ошого жараша пландап, экономикага инвестиция сала алабыз. Өндүрүштү жана өнөр жайды колдоого өзгөчө басым жасоо керек», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров жарандардын кайрылуусуна ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жер-жерлерде элдин көйгөйлөрү чечилбей жаткандыктан, нааразы болгон жарандар президенттин администрациясынын имаратына келишет. Жарандардын бир дагы кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек», - деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий