• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр экономикалык эсептөөлөр менен тастыкталган

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кеңешмесин өткөрдү.

Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Күн тартибинде 14 маселе каралууда.

Жапаров белгилегендей, министрлер кабинетинин мындай форматтагы жыйынын өткөрүүнүн негизги максаты - аймактык мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине чечимдерди кабыл алуу процессин көрсөтүү.

"Министрлер кабинетинин отурумунда чечимдер ыкчам кабыл алынып, добуш берүү процесси электрондук форматта өтөт. Аймактар да иштин бул форматына өтүшү керек. Чечимдер ыкчам кабыл алынып, бюрократияга жол берилбестен, кагаз иштери болбошу керек", - деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин отурумунда Акылбек Жапаров президенттин алдыдагы электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине кайрылуусуна да кеңири токтолду.

"Тариф саясатында боло турган өзгөртүүлөр толугу менен экономикалык эсептөөлөр жана илимий негиздемелер менен тастыкталган. Бул Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөн энергетикалык жабдууларды жана коммуникацияларды жаңылоого мүмкүндүк берүүчү зарылдык", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий