• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров Ташкент менен Москвада логистикалык борборлорду ижарага алууну тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Россия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонд башкармалыктарынын башчыларына Бишкекке заманбап логистикалык борборлорду курууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен болгон республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Жапаровдун айтымында, бул борборлордо Россия жана Өзбекстанга экспорттоло турган товарлар сакталып, стандартташуу процедураларынан өтүшү керек. Ал ошондой эле Ташкент менен Москвадагы логистикалык борборлор үчүн аянтчаларды ижарага алууну тапшырды.

"Бизге Кыргызстанда логистикалык борбор керек жана ал жактан ижарага янтча алуу керек. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өзүбүздүн көргөзмө борборлорубуз болушу керек", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Алиев бул жылы "Дордой" базарына жакын жерге логистикалык борбор куруу пландалганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий