• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Ташкентте бир катар жолугушууларды өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кечээ, 15-июлда «Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышуунун алкагында Ташкент шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - КР экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Өзбекстандын бажы комитетинин төрагасы Муротжон Азимов, Ташкент шаарынын мэри Джахонгир Артыкходжаев, Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министринин биринчи орун басары Илхом Норкулов жана Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Мубин Мирзаев менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулардын максаты - байланыштарды түзүү жана экономикалык чөйрөдө мындан ары тыгыз кызматташуунун жолдорун, ошондой эле 2021-жылдын 11-12-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын учурунда кол коюлган Өнөр жай кызматташтыгы жаатында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планын ("Жол картасы") ишке ашыруу маселелерин жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн келерки жылы 2 млрд АКШ долларына жеткирүүнү талкуулоо болду.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетине болгон иш сапарынын жүрүшүндө А.Жапаров Мамлекеттик бажы комитетинин Чек ара бажы постторунун иши, анын ичинде аэропорттордогу реалдуу убакыт режиминде координациялоого жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген кырдаал борборунун иши менен таанышты.

Ошондой эле Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Борбордук бажы лабораториясынын иши көрсөтүлдү.

Ташкент шаарынын мэри Ж.Артыкходжаев менен болгон жолугушуунун алкагында А.Жапаров «Ташкент Сити» көңүл ачуу зонасынын долбоору, таштандыларды сорттоо пункттарын уюштуруу, катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, сорттоо, кайра иштетүү жана эмгекке акы төлөөнү уюштуруу иштери менен таанышты.

Тажрыйба алмашуу максатында Ташкент шаарынын мэриясы тарабынан толук маалыматтар, башкы план жана Ташкент шаарында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу презентациясы сунушталды. Ошондой эле бул багыттагы кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн атайын адистердин иш сапары макулдашылды. Ташкент шаарынын акими кызыккан бардык маселелер боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Өзбекстандын Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинде министрдин биринчи орун басары И.Норкулов менен жолугушуу болуп өттү.

Жакырчылыктын деңгээлин аныктоонун улуттук ыкмасы жөнүндө суроолор көтөрүлдү. Бул тармакта мындан аркы кызматташуу үчүн болгон дараметин пайдалануу боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий