• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров жана Рустам Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Татарстан Республикасы менен кызматташууда ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экендигин белгиледи.

"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы, айыл чарба техникасынын лизинги, баалуу кагаздар рыногу жана өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Кыргыз Республикасы экономиканы ыкчам өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулууда", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын президенти «Кыргызстан - Татарстан» ишкер форумунун жогорку денгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, мындай иш-чаралар бардык деңгээлдеги өнөктөш өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүү үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий