• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Текшерүүчү органдарды азайтуу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Өкмөттүн сунушу менен “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууга алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү киргизилип жаткан толуктоолор Өкмөттүн “40 кадам” долбооруна каршы келерин белгилеп, тескерисинче өлкөнү өнүктүрүү үчүн текшерүүчү органдарды азайтуу зарылчылыгын белгилешти. Алсак, депутат Акылбек Жапаров текшерүүчү органдарды көбөйтүү аркылуу мыйзамсыз аракеттердин арбышына да өбөлгө түзүлүп жатканына токтолду. Ал эми депутат Дастан Бекешев жүргүнчү ташуучу кичи автобустарды жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуучу ички иштер органдары, ага кошумча дагы бир органдын текшерүүгө алуусу туура эмес экенин белгилеп, бул мыйзамсыз көрүнүштөргө себепкер болорун билдирди.

Жыйынтыгында аталган мыйзамды кайрадан карап чыгуу менен жөнгө салуучу таасирин анализдөө чечимине келишти.

Ошондой эле комитеттин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө токтомунун аткарылышы да каралды.

Пикир

Оставить комментарий