• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Темир жолду куруу долбоору – өзгөчө приоритетти талап кылган уникалдуу долбоор

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору – өзгөчө приоритетти талап кылган уникалдуу долбоор. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгиледи. Долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үстүбүздөгү жылдын декабрь айында аяктайт.

«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор. Тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары карай Перс булуңунун өлкөлөрүн, Түркия Республикасын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий