• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: ТИМ экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ТИМде өткөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Жапаров билдиргендей, президент тарабынан жактырылган 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык, экономиканын ар жылдык реаалдуу өсүү темпин ИДП карата 13% кем эмес көлөмдө (жылына болжол менен 1,0 млрд АКШ долл) чет элдик түз инвестицияларды тартуу менен орточо 5%дык деңгээлде камсыздоо максаты коюлган.

«Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги алдына экономикалык дипломатияны активдештирүү жана биринчи кезекте үч негизги багыт: чет элдик инвестицияны тартуу, туристтик агымдын кеңейишине көмөктөшүү жана ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү боюнча ишти активдештирүү милдети тапшырылган. Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз», - деди ал жана дипломаттардын көңүлүн текстиль өндүрүшүн жана бөтөлкөдөгү суу чыгарууну илгерилетүүгө бурду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Анын айтымында Министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:

- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

- эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;

- республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен "экспорттук корзинаны" иштеп чыгуу;

- 2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;

- өз ара пайдалуу кызматташуу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;

- туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.

Пикир

Оставить комментарий