• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров: 2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү өстү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Жакынкы келечекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү миллиарддык көрчөткүчкө жетет деп ишенем. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форумунун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 543,2 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Албетте, бул стратегиялык өнөктөштөрдүн эки тараптуу соодасы үчүн чек эмес. Жакынкы келечекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү миллиарддык көрчөткүчкө жетет деп ишенем”, - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын койгон тапшырмасынын алкагында соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 2 млрд долларга чейин жеткирүү пландалган. "Бул максатты ишке ашыруу үчүн ишкер чөйрөнүн демилгелерине максималдуу колдоо көрсөтүү жана биргелешкен ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл", - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Маалымат үчүн: бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий