• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Акылбек Жапаров Токмоктогу Борбордук Азия эл аралык университетин кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. «Бүгүнкү күндө университеттер – жаңы билимдерди өздөштүрүү менен, ошол эле учурда анын өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы боло ала турган жана болууга тийиш өлкөнүн келечеги болгон жаштарды топтойт. Ошондуктан студенттер үчүн жагымдуу, чынчыл жана эркин чөйрөнү түзүү абдан маанилүү жана бул университеттин негизги миссиясы болсо керек»- деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы Борбордук Азия эл аралык университетин кыдырууда.

Ал университеттин жамаатын жана студенттерин Токмок шаарында университеттин инновациялык кампусунун курулушунун башталышы менен куттуктап, биринчи фазадагы курулушту ишке ашырууга 10 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция салып жаткан университеттин ишенимдүү өкүлдөрүнө жана чет элдик инвесторлорго ыраазычылык билдирди.

«Биз университеттин жетекчилигинин Токмок шаарын Оксфорд сыяктуу академиялык шаарга айландыруу боюнча алдыга койгон амбициялуу максатын кубаттайбыз. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы Эл аралык университет Кыргызстандын, АКШнын, Кытайдын жана Россиянын жарандары катышкан расмий түрдө өлкөдөгү эң мыкты окутуучу кадрларды тарткан окуу жайлардын бири. Бул жерде Кыргызстандын бардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Россиядан, Түркиядан, Ооганстандан, Кытайдан жана Боливиядан келген студенттер билим алышат.

“Дүйнөдө университеттердин ролу билим берүү мекемесинен эчак эле ашып кеткен. Бул билим берүү тармагы өлкөнүн келечектеги жоопкерчиликтүү, анын кызыкчылыгына жана жыргалчылыгына кызмат кылууга жөндөмдүү жарандарды калыптандырат. “Үчтүк спиралдын” сенсациялуу концепциясы жаңы идеяларды жана технологияларды калыптандырууда жана ишке ашырууда университеттерди биринчи орунга койгону бекеринен эмес. Башкача айтканда, экономиканын үч компоненти – университет, бизнес жана мамлекет ортосунда ийгиликтүү өнөктөштүк камсыз кылынса, өлкө жөн гана экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө ээ болот”- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы андан ары билим берүү Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башкы приоритет болуп саналат жана ага ар бирибиз катышып жатабыз деп сөзүн улантты. Билимде эч кандай чек жок, убакыт чектелбейт, тил чектөөсү жок.

«Ар дайым жана бардык жерде окуу, айлана-чөйрөнү билүү, дүйнө менен бирге болуу, билим жана тажрыйба алмашуу, боорукер жана жоопкерчиликтүү болуу, өз өлкөсүнө пайдасын жана керегин тийгизүү – булар, балким, негизги баалуулуктар жана алган билиминин натыйжалары»- деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий