• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Транспорт министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Тилек Текебаевди тааныштырды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров транспорт тармагында башталган реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ири долбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде унаа жолдорун, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдорун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий