• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча: Биз бир тууган эки элдин ортосундагы согушту токтотуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз

Өкмөт 0


Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. “Биз бир тууган эки элдин ортосундагы согушту токтотуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз", - деп билдирди социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча антикризистик комитеттин жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы бул эки боордош элдин - Россия менен Украинанын ортосунда орун алган чоң трагедия экендигин айтты.

"Канчалык согуш талаасынан алыс болсок дагы, бул биз үчүн кыйынга турууда. Анткени, алар биз менен өткөн кылым бою бирге жашаган, сыноолорду бирге өткөн жана жеңиштерге жеткен бир тууган элдер. Биз бул кыйынчылыктар өтүп, бардыгы сүйлөшүүлөр столуна отурат деп ишенебиз. Учурда бул маселе боюнча биздин өлкө эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке инсандар боюнча алып караганда, мындай тандоо негиздүү. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдап жатат. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле кылууга болбойт, ал жоопкерчиликсиздик деп эсептейм”, - деди ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан чакан өлкө экендигин жана дүйнөдө анын позициясынан көп нерсе деле көз каранды эместигин айтты.

“Ар бир ойлонбой жасаган кадам, бизге чоң көйгөй жаратышы мүмкүн. Бизге эки эл тең бир туугандай жана бул согушту токтотуу үчүн биз бардык аракетибизди жумшайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий