• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сары-Жаз дарыясына кубаттуулугу 1100 мегаватт болгон алты ГЭС курулат

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустун бир катар объекттери менен таанышты.

Жапаров алгач “Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу” долбоорунун алкагында гидроэлектростанциялар курула турган жерди вертолёт менен үстүнөн көрдү.

Белгилей кетсек, Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай Эл Республикасы менен биргеликте куруу пландалууда. Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын “Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы” долбоорунун алкагында Түп - Кеген жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн жогорудагы жолдорду куруу иштерин 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган жана аткарыла турган транспорт, өндүрүш жана туризм сыяктуу бир катар тармактардагы аткарылып жаткан иштерден кабардар болду.

Акылбек Жапаров жыйынтыгында Каракол шаарынын жетекчилигине “Каприз” тоо лыжа базасына бара жаткан жолду реконструкциялоо, оңдоодон өтүп жаткан “Каракол” аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды шардын четине чыгаруу сыяктуу бир катар маселелерди чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий