• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Өзбекстандагы Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында компакттуу жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту.

Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, 2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Алсак, Өзбекстан Республикасынын Президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Ошондой эле, 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган болуучу.

Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Пикир

Оставить комментарий