• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулуш долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек-Ош жолунда Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа агылып өтөт, натыйжада жол тыгындары жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралууда.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзгөн районунун Бөксө-Жол айылындагы авариялык деп табылган №60 орто мектептин абалы менен таанышты. Анда 335 окуучу билим алат.

Министрлер кабинетинин башчысы тармактык мамлекеттик органдарга долбоордук-сметалык документтерди даярдап чыгып, курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий