• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров жаңы дайындалган Нарындын башчысын жамаатка тааныштырды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, облустун мурдагы башчысы Сабыркул Ашимбаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Министрлер кабинетинин башчысы Нарында башталган ири долбоорлорду жаңы жетекчи улантып ишке ашырат деп үмүт артты.

Мындан сырткары, Акылбек Жапаров өлкөдө ишке ашып жаткан демилгелерге токтолуп, стабилдүүлүк болсо өнүгүү болот деди. Экологияны буза турган долбоорлорго жол бербейбиз, бирок келечек үчүн кендерди иштетишибиз керек деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий