• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: ЖМКлардын карапайым адамдардын көйгөйүнө кайдыгер эмес мамилеси сыйга татыктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепке барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мектепти кыдырууда билим берүү мекемесинин курулушу жыйынтыкталуу алдында тургандыгы жана 2022-жылдын 18-февралында пайдаланууга берилери белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелерди коомдук жана жарандык көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын январь айында жергиликтүү бийлик органдары тапшырманын аткарылышы боюнча маалымат берген. Бирок, өзүңүздөр көрүп тургандай, мектеп али пайдаланууга бериле элек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын карапайым адамдардын көйгөйүнө карата кайдыгер эмес мамилеси сый-урматка татыктуу Жарандык көзөмөл болгондо аткаруу бийлигинин алдындагы жоопкерчилик эки эсе жогорулайт. Мектепин курулушу аяктап калды, алдыда жыйынтыктоочу бөлүгү гана калды. Жума күнү ал балдарды кабыл ала баштайт», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилесек, басма сөз жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысына «Регион ТВ» телеканалынын журналисти КР президентинин курулушту тез арада жыйынтыктоо боюнча тапшырмасына карабастан, эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектеп пайдаланылууга берилбей жаткандыгы тууралуу суроо берген.

Акылбек Жапаров маалымат жыйыны аяктаган соң, дароо объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Чет өлкөлөрдөн курулуш материалдарын ташып келүү мөөнөтү кечеңдегендиктен, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болду

Пикир

Оставить комментарий