• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Бабур атындагы театрды реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, Ош шаарында өткөн КР президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан Республикасы тарабынан ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюлду.

Аны реконструкциялоо иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталып, ишти үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда. Аткарылган иштердин сметалык наркы 5 млн АКШ долларын түзөт. Театр 500 орунга ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий