• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммит алкагында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров кыргыз-казак мамилелериндеги оңдуу динамиканы белгиледи.

«Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү деңгээлин 2 млрд АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет биз төрагалык кылган Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколдо да чагылдырылган. Бизде эки тараптуу сооданы жогорулатууга бардык негиздер бар, ал үчүн соода саясатыбызды кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндө соода жана жүк транзити чөйрөсүндөгү орун алган маселелерди алып салышыбыз керек. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өтө маанилүү», - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны күчөтүлгөн режимде иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларга ылайык, биз үчүн бул комплекс кеминде үч жылдын ичинде толук кандуу ишке кириши маанилүү», - деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов өз кезегинде эки тараптуу кызматташуунун жогоруда аталган артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн ырастады.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу аспектилерин, ошондой эле кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий